Джо Байден АКШнын абадан коргонуу академиясынын бүтүрүүчүлөрүн куттуктап жатып, сахнадан кулап кетти

2 июнь 2023 09:40 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти Джо Байден Колорадо штатында Аскердик Академиянын бүтүрүүчүлөрүн куттуктап жатып сахнадан жыгылып кетти. Бул тууралуу New York Post басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Байден сахнада жаткан кум салынган капка чалынып жыгылган. Сакчылар 80 жаштагы президентти ордунан тургузуу үчүн өз убагында келишкен.

Көп өтпөй Ак үйдүн администрациясы Америка Кошмо Штаттарынын башчысынын абалы тууралуу комментарий берип, ал «Байдендин абалы жакшы экенин айтышкан» деп билдирди.   

Буга чейин, Байден Питтсбургда (Пенсильвания) сөз сүйлөгөндөн кийин башы айланып, сахнадан эшик таппай калган.   

Ссылка: https://barometr.kg/dzho-bajden-akshnyn-abadan-korgonuu-akademiyasynyn-btrchlrn-kuttuktap-zhatyp-sahnadan-kulap-ketti



Добавить комментарий