Дубайдын башчысынын аялы андан эмнеге качып кеткенин айтты
Канайым Хайя бинт аль-Хуссейн күйөөсү Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашидден эмнеге качып кеткен себебин айтты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Көрсө, бир Рашид 2019-жылы 11 жаштагы кызы Жалиляны Сауд Аравиянын ханзаадасы 34 жаштагы Мохаммед бин Салманга күйөөгө берүүнү пландаган. Күйөөсүнүн мындай кадамына нааразы болгон канайым Дубайдан жана күйөөсүнөн кызын жана уулун алып качып кеткен.
Өз кезегинде Дубайдын башчысы аялынын айткандарын төгүнгө чыгарып, анын бойго жете элек бир дагы баласы башкага баш кошпогонун билдирүүдө.
Жакында эле Лондондун Жогорку соту Мохаммед бин Рашидге айып коюп, канайымды артынан түшүп, аны аңдып жүрөт деген өкүм чыгарган. Андан сырткары аны эки кызын уурдап кетип, күч менен мекенине алып келген деп айыпталууда.
Белгилей кетсек, Хайя күйөөсүнөн 2019-жылы качып, 11 жаштагы кызы менен жети жашар уулун ала кеткен. Андан сырткары 40 млн. долларды чыгарганга үлгүргөн. Ал дароо эле Германиядан баш паанек сураган. Кийин ал Улуу Британияда экени маалым болгон. Былтыр ал июлда Лондондун сотуна кайрылып, ажырашуу иштери башталган. 2019-жылы сентябрда Хаянын бир тууган агасы, Иорданиянын падышасы Абдалла II аны Иорданиянын Британиядагы дипломатиялык миссиясынын өкүлү кылып дайындап, ага дипломатиялык статус жана кол тийбестик берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/dubajdyn-bashchysynyn-ayaly-andan-emnege-kachyp-ketkenin-ajtty
Добавить комментарий ×