"Досум, сенин аялың - бет аарчы". Макгрегор Хабибдин жубайын катуу кемсинтти

3 апрель 2019 16:46 10601 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

UFCнин экс-чемпиону Конор Макгрегор мурдагы каршылашы Хабиб Нурмагомедовдун жубайын сындады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitterдеги баракчасына жазып чыгып, бирок кайра 15 мүнөттүн ичинде өчүрүп салды.

Пост өчкөнүнө карабай көпчулүк мушкердин сөзүн жана жарыялаган сүрөтүн сактап калууга жетишти. Сүрөттө Нурмагомедовдун жубайы үйлөнүү тоюнда бетин жаап түшкөнүн көрүүгө болот. Макгрегор постунда:

“Досум, сенин аялың – бет аарчы” деген жазууну калтырган.

 Бул эки мушкердин ортосундагы пикир келишпестик көптөн бери уланып, каршылаштык алардын күйөрмандарынын ортосунда да күч алган. Конор Макгрегор буга чейин да бир нече ирет Хабибдин тутунган динин жана жакындарын басынтып келген. Аларды 2018-жылдагы UFC чемпионатындагы беттеши да аягында мушташ менен аяктаган.

Эки мушкер көпчүлүк учурда бири-бирине интернет баракчалары аркылуу сын айткандыктан бул эл үчүн көндүм адатка айланып айрымдар “интернеттеги бүтпөгөн согуш”,- деп да атап алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/dosum-senin-ayaly-bet-aarchy-makgregor-habibtin-zhubajyn-kemsintti



Добавить комментарий