«Дордой» стадионундагы темир шишке сайылып калган баланын абалы жакшы
Бөлүшүү:
Бишкектеги “Дордой” стадионунда темир тосмодон ашып түшүп жаткан маалда ага сайылып калган 13 жаштагы баланын абалы учурда жакшы. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-мартта 2006-жылы туулган бала спорт комплексинин дубалынан секирем деп аракет кылган маалда колтук тарабына темир түркүк кирип кеткен. Куткаруучулар баланы алып чыгышып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүшкөн. Жалпысынан куткаруу иштерине 5 куткаруучу тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/dordoj-stadionundagy-temir-shishke-sajylyp-kalgan-balanyn-abaly-zhakshy
Добавить комментарий ×