Дональд Трамп коронавирустан тез сакайып кетүүсүнө жардам берген дарыны ачыктады

10 октябрь 2020 11:17 1531 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти Дональд Трамп антителолордон жасалган эксперименталдык препарат ага COVID-19 жугуштуу оорусунан тез сакайып кетүүгө жардам бергенин айтты. Бул тууралуу ал Rush Limbaugh Show радио программасынын эфиринде билдирген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, "Регенерон" дарысы "вирусту жок кылган". Трамп кошумчалагандай, дарыгерлер ага коронавирустун күчтүү формасы менен ооруп жаткандыгын, ал сакайып кетиши кыйын экендигин айткан.

Америкалык лидер бул дары-дармектерди тез арада жактырып, колдонууга берүүгө аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

7-октябрда америкалык лидерге вируска каршы антителолордун коктейли жазылганы белгилүү болду. Аны Regeneron компаниясы жаратып жатат. Джордж Мейсон университетинин системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова мындай дары-дармектер эффективдүү, бирок алар өтө кымбат, анткени аларды өндүрүү үчүн атайын гибриддик клеткалардын линиялары керек деп эсептейт.

Трамптын коронавируска чалдыкканы 2-октябрда эртең менен белгилүү болгон. Анын жубайы Мелания Трамптын да коронавирус табылган. Бир нече күндөн кийин президентке инфекцияга каршы антителолор табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramp-koronavirustan-tez-sakajyp-ketsn-zhardam-bergen-daryny-achyktady



Добавить комментарий