Добуш берүүнүн таңкы саат 5:00го карата алдын ала жыйынтыгы

5 октябрь 2020 09:54 982 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбордук шайлоо коммисиясы 5-октябрда таңкы саат 5:00го карата добуштардын алдын ала жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берди. БШКнын сайтында маалымдалгандай, жалпысынан 1 миллион 980 миң 240 шайлоочу добуш берди, бул 56,2%.

2 миң 475 шайлоо участогунун 2 миң 407 шайлоо участогундагы добуштары же 97,25% эсептелген. Калган шайлоо участкаларынын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө жайгашкан.

2020-жылдын 4-октябрына карата автоматтык түрдө окулган шайлоо үкөктөрүнүн маалыматтары боюнча, 4 партия 7% тоскоолдукту жеңип чыгышты:

«Биримдик» – 24, 54%;

«Мекеним Кыргызстан» – 23,9%;

«Кыргызстан» – 8,74%;

«Бүтүн Кыргызстан» – 7,09 %;

Алардын артынан:

«Мекенчил» – 6,84%;

«Республика» - 5,81%;

«Ата Мекен» – 4,02%;

«Ыйман Нуру» – 3,35%;

«Бир-Бол» - 3,03%;

«Чоң казат» – 2,33%;

«Замандаш» – 2,15%;

“Социал-демократтар” – 2,12%;

«Реформа» – 1,64%;

«Мекен Ынтымагы» – 0,63%;

“Ордо» – 0,22%;

Афганистан согушунун ардагерлери 0,17%;

Баарына каршы -1,8%.

КР БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, жумушчу топтор ишин улантып, добуштар кол менен саналып жатат. Бюллетендерди аймактык шайлоо комиссиялары саат 06.00гө чейин алышы керек. АШКлар буга чейин келип түшкөн белгилүү бир участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча арыздарды жана даттанууларды карайт.

Аймактарда шайлоочулардын катышуусу төмөнкүдөй болду:

Бишкек - 55,15%,

Ош - 68,3%,

Жалал-Абад облусу - 57,85%,

Ысык-Көл облусу - 52,36%,

Нарын облусу - 55,56%,

Ош облусу - 58,45%,

Талас облусу - 59,41%,

Чүй облусу - 54,72%,

Баткен облусу - 50,34%,

Чет өлкөдө добуш берүү - 26,74%.

Ссылка: https://barometr.kg/dobush-bernn-taky-saat-500go-karata-aldyn-ala-zhyjyntygy



Добавить комментарий