Дөөлөт Сыдыковду Гиннестин рекорддор китебине киргизүү каралып жатат
Бөлүшүү:
Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун эпосту 6 күн тынбай айтканын жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашканын “Барометр” билдирет.
Алты күн бою манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манасты” тынбай айтты.Иш-чара Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган.
КРнын элчилиги тарабынан «Манас» айтууну угуучулар үчүн баардык шарттар түзүлдү.
Азыркы учурда “Гиннестин рекорддор китебине” кирүү маселеси иштелип чыгуу баскысында турганын ТИМден белгилешти.
Ссылка: https://barometr.kg/dlt-sydykovdu-ginnestin-rekorddor-kitebine-kirgiz-karalyp-zhatat
Добавить комментарий ×