Дөөлөт Сыдыков “Манасты” 100 сааттан ашык айтты

6 сентябрь 2021 09:30 2624 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арнап, Москва шаарында "Манас" айтып жатканына 5 күн болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин социалдык баракчасына жарыяланганын “Барометр” кабарлайт.

“Бешинчи түн кетти. 100 сааттан ашты. 6-сентябрда саат 12:00гө жакын Дөөлөт Сыдыков “Манас” айтып бүтөт”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, манасчы эпосту 5 күн, 5 түн айтып Гиннестер китебинде жаңы рекордду коюну пландаган.Талапка ылайык, манасчыга бир сутканын ичинде эки саатка гана тыныгуу берилет. Сыдыков 31-августта саат 14:00дө эпосту айтууну баштаган. Ал биринчи күнү 24 саат токтоосуз манас айтты жана узакка манас айтуу менен жеке рекордун койду.Иш-чара Россиядагы Кыргызстандагы элчилигинде өтүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/dlt-sydykov-manasty-100-saattan-ashyk-ajtty



Добавить комментарий