ДКО: Адистер билеттерди алып сатуучулардан сатып алуудан баш тартууга чакырды

28 август 2018 16:35 1633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер калган жок. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Оюндардын катчылыгы аларды алып сатуучулардан алуудан баш тартууга чакырат. Адистер түшүндүргөндөй, билеттер персоналдык болуп эсептелет. Андагы маалыматты өзгөртүү мүмкүн эмес. Алсак, башка бирөөлөрдөн сатылып алынган билеттер менен жарандар турнирдин ачылышына  кире албайт.  

Эске салсак, Көчмөндөр оюндары 2-8сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында болот.

Ссылка: https://barometr.kg/dko-adister-biletterdi-alyp-satuuchulardan-satyp-aluudan-bash-tartuuga-chakyrdy



Добавить комментарий