Дүкөндөн аял сабаган "Жорго” компаниясынын таксистти кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 4-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Жорго” компаниясынын таксистти кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 13-майда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Н. А. аттуу аял кайрылып, 25-30 жаштар чамасындагы эркек кишиге чара колдонуп берүү тууралуу арыз жазган. Анын айтымында, 12-майда болжол менен саат 19:30да Суванбердиев көчөсүндөгү "Лимон" дүкөнүндө катуу сөгүнгөн эркек киши ага эч себепсиз кол көтөргөн.
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан кечээ, 4-июлда 1982-жылы туулган К. М. кармалды. Ал "Жорго" компаниясында таксист болуп иштей турганы аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/dkndn-ayal-sabagan-zhorgo-kompaniyasynyn-taksistti-karmaldy
Добавить комментарий ×