Дүйнөнүн эң бай адамы жер шарынын негизги коркунучу менен күрөшөт

18 февраль 2020 09:22 792 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү үчүн фонд түздү. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүүсү жер шары үчүн эң башкы коркунуч болуп эсептелет. Ал "Безостун жер фондуна" 10 миллиард доллар бөлүүгө белсенүүдө. Бул каражат климаттын жакшырышы боюнча иштеген окумуштууларга, активисттерге, бейөкмөт уюмдарга берилет. Грант быйыл жай айынан тарта бериле баштайт.

Миллиардер андан сырткары ири жана чакан компанияларга, өкмөткө, эл аралык уюмдарга, жөнөкөй кишилерге кайрылып, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө чакырды.

Учурда Безос Bloomberg агенттигинин рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында турат. Анын байлыгы 127 миллиард доллар деп бааланат.

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-baj-adamy-zher-sharynyn-negizgi-korkunuchu-menen-krsht



Добавить комментарий