Дүйнөлүк “Тоска" операсы Бишкекте коюлат
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт.
Маданий иш-чара 13-14-декабрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Учурда артисттер Бишкекке келип, даярдык көрүүдө.
Опера Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, опера жана балет театрынын академиялык хорунун катышуусу менен өтөт. Андан сырткары, Жумамүдүн Шералиев атындагы балдардын маданият мектебинин тарбиялануучулары да коштойт.
Атактуу операны сахналаштырган Медея Ясониди "Бишкекке келүү боюнча сунуш абдан кызыктуу болду, мен грек болгонум менен Советтер Союзунда туулгам. Макул болуума көптөгөн себептер бар. Биринчиден мекенимди көргүм келди, андан сырткары, өзүм жактырган операны жасагым келди. Жакшы команда чогулду", — деп маалымат берди.
Долбоордун музыкалык жетекчиси — Валентин Урюпин. Музыкалык конcультант — грек примасы Медея Ясониди. Ал Карнеги Холлунда, Прага операсында, Болоньедеги Элеонора Дуза театрында ырдаган.
Башкы партияны аткаруучулар:
— Пермь академиялык опера жана балет театрынын солисти Лариса Келль.
— Өзбестандын эл артисти, "Культура" телеканалындагы "Большая опера" долбоорунун финалисти, өзбектердин "Большой театрынын" солисти Рамиз Усманов.
— Түркиянын Ankara State Opera and Ballet театрынын солисти, баритон Умут Косман.
Артисттер даярданып жатышканын жана Кыргызстанда көптөгөн таланттуу аткаруучулар бар экенин кошумчалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-toska-operasy-bishkekte-koyulat
Добавить комментарий ×