Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чылым чегүүгө тыюу салынды

1 сентябрь 2018 15:10 2151 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спирт ичимдигине жана чылымга тыюу салынды. Бул тууралуу саламаттыктты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Маалым болгондой,  тамеки тартууга атайын жайлар бөлүнөт. Калган аймактарда “чылымга тыюу салынган” аттуу белгилер орнотулат. 

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Темиров жана Семенов айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери Кырчын жайлоосунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган. Тыюу салынган жерлерде тамеки чеккен жарандар административдик жоопко тартылат. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаары жана Кырчын жайлоосунда  2- 8-сентябрга күндөру өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-kchmndr-oyundarynda-chylym-chegg-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий