Дүйнөдөгү эң узун тырмактуу адам 66 жылдан кийин акыры тырмагын кести
Дүйнөдөгү эң узун тырмактуу адам 66 жылдан кийин акыры тырмагын кести. Индиялык Шридхар Чиллал сол колунун тырмактарын бала кезден бери өстүрүп келген. 82 жашка чыккан Чиллалдын акыркы жолу тырмагынын узундугун ченегенде сөөмөйү 1 метр 64 см, ал эми эң узун тырмагы 1 метр 97 см болгон. Гиннестин рекорддор китебине 2015-жылы кирген. Чиллалдын айтымында тырмактарына өтө этияттык менен кам көрбөсө сынып калат. Андыктан ал уктаганда сындырып албаш үчүн жарым саат сайын ойгонуп тырмагын карап текшерип турат. Чиллалдын ата-энеси тырмактарын өстүрүүгө каршы болушкан. Анткени жумуш таппай калат деп ойлошкон. Бирок Шридхар сүрөтчү болуп орношуп, ал тургай камера менен иштеп жатканда атайын кармагыч ойлоп таап алган.
Эми 66 жыл өстүргөн тырмагы менен кош айтышууга туура келди. Мунун себебин Чиллал дайым оорутуп жаткан оорудан улам деп билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-uzun-tyrmaktuu-adam-66-zhyldan-kijin-akyry-tyrmagyn-kesti
Добавить комментарий ×