Дүйнөдөгү эң кедей президент пенсия алуудан баш тартты

18 август 2018 20:55 6883 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөдөгү эң кедей президент  пенсия алуудан баш тартты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык,   Уругваянын мурдагы президенти  Хосе Мухика пенсия алуудан баш тарткан. 

Хосе Мухика 2010-2015-жылдар аралыгында Ургувая мамлекетин башкарган. Ал президенттик доорунда да айлыгын кайрымдуулукка жумшап турган. Президент  өзүндөгү болгон байлыгына ыраазы болуп мамлекеттен акча алчу эмес.  Мындан сырткары ал президент учурунда да 1987 жылы чыккан "Фольксваген Жук" аталышындагы жөнөкөй унаа менен жүрчү. Бул унаа болгону бир канча миң доллар гана турчу. Анын дал ушул унаасын миллион долларга сатып алууну сунушташкан. Бирок эң кедей президент унаасын сатуудан баш тарткан.  73 жаштагы Мухикини кайрадан президент болуунун суранышкан. Бирок ал чарчаганын айтып, кайрадан президент болууга макул болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-kedej-prezident-pensiya-aluudan-bash-tartty



Добавить комментарий