Дүйнөдөгү эң бою узун кыз Гиннес китебине киргизилди (видео)

14 октябрь 2021 11:02 2724 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын тургуну Румейси Хельги азыркы учурдагы дүйнөдөгү эң узун аял катары Гиннес китебине катталды. Бул тууралуу аталган китептин сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

24 жаштагы түркиялык кыздын боюнун узундугу 215,16 сантиметр. Ал бойду ашыкча өстүрүп жибере турган Уивер синдрому менен жабыркайт.Ошондуктан Хельги майыптардын арабасы менен жүрөт жана кыска убакытка туруп баса алат.

Буга чейин да, тактап айтканда 2014-жылы Хельгинин боюн ченеп көрүшүп, аны 18 жашка чыккан дүйнөдөгү эң узун кыз катары белгилешкен.


Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-boyu-uzun-kyz-ginnes-kitebine-kirgizildi-video



Добавить комментарий