Дүйнөдө алгач ирет убакыт көрсөтүлбөгөн аймак Норвегияда пайда болот
Норвегиядагы аралда уюлдук күн 18-майдан 26-июлга дейре созулат жана аталган арал мындай мезгилде убакыт бирдигинен баш тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Соммарёй аралында жайкы күн токтолуу болгондон баштап аталган аймак дүйнөдөгү убакыт эсептелбеген аймак болууну пландады.
Ноябрдан январга чейин созулган уюл түнүнөн кийин алар жайкы уюл күнүн толук колдонууну көздөп жатышат.
“Түнкү саат экиде деле уюл күнүндө күн чакчайып тийип турат, бул учурда балдар футбол ойношот, чоңдор чалгы чабат, үй сырдашат, өспүрүмдөр сууга түшөт”,-деп билдирди жергиликтүү тургун Кьелл Уве Хвединг.
Июнь айында Хвединг Норвегиянын депутаттарына жолугуп жергиликтүү тургундардын убакыттан таптакыр баш тартуу тууралуу өтүнүчүн катты тапшырмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/djnd-algach-iret-ubakyt-krstlbgn-ajmak-norvegiyada-pajda-bolot
Добавить комментарий ×