Дүйнө Марска учууга камынып жатканда Индия Күнгө уча турганын кабарлады
Индиянын космосту изилдөө уюму Күндү жана Венераны изилдөө боюнча миссиялар тууралуу жарыялады. Бул тууралуу news.com. кабарлады.
Учуулар 2021-жылдын декабрь айына белгиленгенин брифингде космосту изилдөө уюмунун төрагасы К. Сиван билдирди.
Ал Индиянын Айга карата экинчи миссиясы Чандраян-2 деп аталып 15-июлда башталарын да кошумчалады. Анын максаты Айдын үстүнкү бетине роверди кое берүү. Айга конуу 6-сентябрга же болбосо 7-сентябрда ишке ашат деп пландалууда.
“Биз мурда эч ким коно элек аймакка конобуз. Биз көптөгөн илимий маалымат алууну күтүп жатабыз”,-деп билдирди басма сөз жыйынында Сиван.
Aditya-El1 миссиясы Күндү изилдөөгө арналып, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүзөгө ашырылмакчы.Жандооч Күн таажысын изилдейт. Ал эми Венерага карата миссия 2021-жылдын декабрь айында пландалды.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-marska-uchuuga-kamynyp-zhatkanda-indiya-kng-ucha-turganyn-kabarlady
Добавить комментарий ×