Директор тийишти деп арызданган кызды мектептин чатырында өрттөп жиберишти
Нусрат Джахан Рафи аттуу кызды Бангладештеги мектепте үстүнө керосин чачып өрттөп жиберишти. Окуя болгонго чейин эки апта мурда ал директор тийишкенин айтып арызданган болчу. Бул тууралуу bbc.com кабарлады.
Ал сексуалдык зомбулукка каршы аргасы кетип чыкканы жана анын өлүмү Бангладештин тургундарын бириктирди.
Нусрат 19 жашта болгон.Кыз диний мектепте окуган.
27-мартта аны мектеп директору өзүнүн кабинетине чакырып ага тийиштик көрсөткөнүн айткан.Нусрат директордон эптеп качып чыкканын маалымдаган.
Бангладештеги көп аялдар мындай зомбулуктарга арга жоктон унчукпай калып жашап келишет, бирок кыз баарын ачык айтып чыккан.
Арыз берген учурда полиция аны шылдың кылгансып телефонго тартып алган.
27-мартта кыздын арызы менен мектеп директорун камакка алышкан. Көчөгө эл топтолуп Нусратты күнөөлөшүп, директорду бошотууну талап кылышкан.
6-апрелде 11 күн өткөндөн кийин кыз мектепке барган кезде аны чатырга чакырышкан жана белгисиз адамдар арызыңды кайтарып аласың деп коркутушкан. Соңунда кызга керосин чачып өрттөп кетишкен.10-апрелде ал каза тапкан.
Учурда анын өлүмүнүн себептери өкмөттүн деңгээлде каралууда. Полиция баш-аягы 15 адамды кармап камакка алды.
Ссылка: https://barometr.kg/direktor-tijishti-dep-aryzdangan-kyzdy-mekteptin-chatyrynda-rttp-zhiberishti
Добавить комментарий ×