Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия: Чубак ажы шайлоого катыша алат, бирок бир шарт менен
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Чубак ажы Жалиловун парламенттик шайлоого катышууга болгон ниети боюнча “Барометр” маалымат агенттигине түшүндүрмө берди.
Мамлекеттик комиссиянын укуктук камсыздоо жана диний уюмдарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Ныязбаев КР Конституциясынын 70-беренесине ылайык, 21 жашка чыккан ар бир жаран депутат болуп шайлана аларын маалымдады.
Эгер мамлекет светтик көз карашта экенин айта турган болсок, анда дин мамлекеттен бөлүнгөн. Ошондой эле диний уюмдардын бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердигине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
Бирок мамлекеттик кызматка же мамлекеттик кызматкердин милдеттерин аткарып жаткан учурда дин кызматкерлер өз ишин токтотуп турушу шарт.
“Эгер Чубак ажы Жалилов тууралуу айта турган болсок ал учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында уламалар кеңешинин мүчөсү. Ал расмий түрдө диний уюмдун мүчөчү болуп саналат. Ал 2020-жылы боло турчу шайлоого катышкысы келсе өзүнүн диний ишмердигин токтотуп жана КМДБнын уламалар кеңешинен чыгышы керек”, — дейт Ныязбаев.
Буга чейин борбордук шайлоо комиссиясы Чубак ажынын шайлоого катышуу тууралуу ниетине түшүндүрмө берип, Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан диний уюмдун өкүлү шайлоого катыша албай турганын айткан.
Эске салсак, буга чейин дин аалымы Чубак ажы Жалилов ал парламенттик шайлоого катышып калышы ыктымалдыгын, анын да убакыт-сааты келерин радиолордун биринин түз эфиринде билдирген болчу.
Добавить комментарий ×