Дима Билан рак менен ооруйбу?

12 июнь 2018 23:10 2689 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы учурларда көпчүлүк Диманын күйөрмандары ырчынын көрүнүшү өтө эле начарлап кеткенин байкашууда. Жүзүн жашырып дайыма кепка кийип жүргөнүнөн улам "Ырчы рак менен ооруп жүрөт" деген имиштер да чыгып баштаган. Буга кошумча жакынкы эле убакта инстаграмм баракчасына ырчы алдыдагы концертке катыша албай тургандыгын, ден соолугуна байланыштуу эл алдына чыга албастыгын билдирген. 

"Мен бир аз ооруп жатам, тактап айтканда өпкө оорусунан (пневмония) айыга албай койдум. Эки чоң концерттен кийин, эки жумага чейин көкүрөгүмдүн ачышканы кетпей келет"- деп араң турган күйөрмандарына "отко май чачкандай эле" шектенүүлөрүн ого бетер күчөттү. 


Ссылка: https://barometr.kg/dima-bilan-rak-menen-oorujbu



Добавить комментарий