Диего Марадонанын өлүмүнүн себеби айтылды. Аргентиналыктар футболчу менен бүгүн коштошушат
Дүйнөгө таанымал, атактуу футболчу Диего Марадона жүрөк оорусунун курч өөрчүшүнөн улам көз жумган. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Диего Марадонанын сөөгүн ачып, изилдегенден кийин, курч өөрчүгөн жүрөк оорусунан улам көз жумганы маалым болгон.
Ошондой эле, Марадонадан "өпкөнүн курч сезгениши" да аныкталган.
Маалым болгондой, футболчунун уулу да коронавирус илдети менен ооруп, ооруканда реанимацияда жатат.
Эскерте кетсек, 25-ноябрда дүйнөнүн футбол легендасы Диего Армандо Марадона 60 жаш курагында Буэнос-Айресте жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Диего Армандо Марадона, 1960-жылы 30-октябрда туулган, карьерасын “Архентинос Хуниорс” клубунда ойноо менен баштаган.
Легендарлуу футболчу Диего Марадона менен коштошуу Буэнос-Айрестин борборундагы Аргентина президентинин сарайында өтөт.
Коштошуу зыйнаты бүгүн, 26-ноябрь күнү болот. Футболчу менен коштошууга каалаган адам келе алат.
Бул сарайда коштошуу зыйнаты өтө даражалуу адамдарга гана берилет. Он жыл мурун сыйлуу сарайда мамлекет башчысы Нестор Киршнер менен коштошушкан.
Добавить комментарий ×