Депутаттын экс-жардамчысын башка атып, аялын зордуктап кетишти

7 июнь 2019 14:39 15710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда Ростов-на-Дону шаарында мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын экс-жардамчысы 37 жаштагы Михаил Баклановду башка атып, андан соң аны бычактап кетишкен. Ошондой эле кылмышкер анын аялын зордуктаган. Бул тууралуу Газета.ru. кабарлады.

Мыкаачылык менен жасалган кылмыш ишине шектелип каза тапкан адамдын 32 жаштагы досу кармалды. Ал сурак маалында Михаил Баклановду эки ирет башка атканын, андан соң бир нече ирет бычак менен башка сайгылаганын мойнуна алды. Мындан соң кылмышкер досунун 31 жаштагы аялын зордуктап кеткен.

Жергиликтүү маалымат булактары берген кабарларга таянсак, окуя 1-июнга караган түнү болгон. Эки дос жолугуп бир аз ичкенден кийин Бакланов досунан эски карызын доолаган.Ортодо чатак чыгып бири экинчисин өлтүргөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputattyn-eks-zhardamchysyn-bashka-atyp-ayalyn-zorduktap-ketishti



Добавить комментарий