Депутаттардын ыйгарым укуктары 2021-жылдын июнь айына чейин узартылса, алар айлык албай иштешет

22 октябрь 2020 19:08 1669 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров  үч шайлоону өткөрүүгө бюджетте акча жок экендигин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Бизде шайлоо өткөрүүгө акча жок. Эгерде депутаттар парламенттик шайлоонун мөөнөтүн узартуу тууралуу мыйзамды колдоп берсе, анда, жаңы жылдан кийин депутаттар айлык маяна албай иштейт. Бул сунушту жаңы мыйзамдын демигечилери жана комитет мүчөлөрү да колдоп жатат”, - деди Жапаров

Бул демилгени депутат Аида Касымалиева да колдоорун билдирип, депутаттардын айлыгы бюджетти толуктоого багытталарын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattardyn-yjgarym-ukuktary-2021-zhyldyn-iyun-ajyna-chejin-uzartylsa-alar-ajlyk-albaj-ishteshet



Добавить комментарий