Депутаттар жабык эшик артында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун карап жатат

22 октябрь 2020 16:35 1681 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети 22-октябрда жабык эшик артында жыйын өткөрүп жатат.

Жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору Конституциялык Комитет тарабынан экинчи жана үчүнчү окууда караларын билдирген.

Ошондой эле, парламенттик шайлоо күнүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору бүгүн парламентке сунушталары айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-zhabyk-eshik-artynda-shajloo-myjzamdaryna-zgrtlrd-kirgiz-dolboorun-karap-zhatat



Добавить комментарий