Депутаттар тарабынан желим баштык алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоору колдоо тапты
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары желим баштык алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган документти ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 1-окуудан карап, жактырды.
"Дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде тыюу салынган учурда пластикалык таштандылардын көлөмү кыйла азаярын, натыйжада анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири да төмөндөй турганын көрсөттү. Бул мыйзам долбоорун дал ушул максатта иштеп чыктык", — деди демилгечи депутат Марлен Маматалиев.
Бир жолу колдонуучу желим баштыктан баш тартууну депутаттар Асылбек Жээнбеков, Сагындык Келдибаев, Зарылбек Рысалиев, Тариел Жоробеков, Абдыбек Дүйшалиев, Нурбек Тотонов жана Мирлан Жеенчороев сунуштап жатат.
Добавить комментарий ×