Депутаттар кайрымдуулук иши менен жигердүү алектенген жеке жактарга ыраазычылык билдиришти

2 май 2020 12:18 946 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Facebook жана Youtube каналы аркылуу түз эфирде уюштурулган талкууга депутаттар Карамат Орозова менен Рада Туманбаева катышып, пандемия маалында калкка көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу ой бөлүштү. Пандемия учурунда мамлекет менен катар жеке ишкерлер тарабынан да калктын аялуу катмарына көрсөтүлгөн жардамдар көп болгонун белгилешип, алардын ишин баалоо учур талабы экенине токтолушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

«Өз демилгелери менен кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөткөн жеке ишкерлер, мамлекеттик эмес уюмдар, ар кандай фонддор көп болду. Мамлекет алардын ишин баалап, керек болсо салыктан бошотуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүшү керек. Ошондо биз мамлекет менен жеке өнөктөштүктү өнүктүрүп, биргелешкен аракеттин арты менен алдыга жылуу жараянын калыптандыра алабыз. Анткени жалгыз мамлекеттин күчү менен муктаждарга көмөк көрсөтүү мүмкүн эмес», - деди депутат Карамат Орозова.

Ага ылайык депутаттар кайрымдуулук иши менен жигердүү алектенген жеке жактарга ыраазычылык билдирип, алардын аракетин баалоо демилгесин көтөрүшөрүн кошумчалашты.

«Биз буга милдеттүүбүз. Анткени аларга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирүү аркылуу, башкаларды да шыктандыра алабыз», - дейт депутат Рада Туманбаева.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kajrymduuluk-ishi-menen-zhigerd-alektengen-zheke-zhaktarga-yraazychylyk-bildirishti



Добавить комментарий