Депутат: "Жаштар айылга баргысы келбейт, мугалимдер жетишпей жатса 65 жаш чектөөгө эмне түрткү болуп жатат?"
Жаш мугалимдер айылга баргысы келбейт. Баары Бишкектин тегеринде жашагысы келет. Мугалимдер жетишпей жатса эмне себептен 65 жашка чейин деп чектөө киргизип жатасыңар? Мындайга эмне түрткү болуп жатат?-деген суроо менен депутат Кожобек Рыспаев бүгүнкү 26-декабрда болуп жаткан жыйында Билим берүү жана Илим министринин орун басарына кайрылды.
"Жетекчилерди 65 жашка чейин эле иштеш керек деген сунушка эмне түрткү болуп жатат? Эмне 65 жаштагылар жакшы иштебей жатабы? Чыны менен айрым жетекчилер бар абдан жакшы иштегендер, 45-55 жаштагы жетекчилер бар жакшы иштей алышпайт, себебин айтыңыз, эмне түрткү болуп жатат?"-деди депутат.
Биринчиден Эмгек кодексине мугалим жетекчилерге кирбей калыптыр, экинчиден жаш адистерге жол көрсөтүп насаатчы катары мектепте иштей беришет"-деди.
Бул мыйзамды комплекстүү карап көрөлү деп кошумчалады.
Добавить комментарий ×