Токтошев: Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорго кол койгон эмесмин

18 ноябрь 2020 13:14 927 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорго кол койбогондугун айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

 Буга чейин, 80 депутаттын макулдугунун негизинде өзгөртүлгөн Конституция коомчулукка сунушталган. Макул деп кол койгон депутаттардын тизмесинде Эмил Токтошев да бар.

“17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн  варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде мени да кол койгон деп чыгарышкан.

Мен долбоорго кол койбогонуму дагы бир жолу баса белгилейм!

Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колуму койгом.

Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымы айтып, чыгып кеткем!

Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позицияман тайбайм!”, - деп жазды депутат.

Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген "Конституция жөнүндө" мыйзам долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылды. Эл өкүлдөрү референдумду 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоо менен кошо бир күндө өткөрүүнү сунушташты.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы долбоор коомчулуктун жана бир топ саясатчылардын нааразы пикирин жаратты. 


Ссылка: https://barometr.kg/deputat-toktoshev-konstituciyaga-zgrtlrd-kirgiz-tuuraluu-zhay-myjzam-dolboorgo-kol-kojgon-emesmin



Добавить комментарий