Депутат: “Ошто орус класстарда 60тан окуучу, кыргыз класстарында 20дан окуучу окуп жатат”
"Ош шаарындагы алты орус мектептеги класстарда 60 тан окуучу окуп жатат, ошол эле учурда кыргыз класстарда 20дан гана окуучу бар. Өкмөт бул маселени чечиши керек”, - деди депутат Искендер Гаипкулов бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Эл өкүлү мындай маселе Ош облусунун райондорунда да бар экенин айтты.
“Араван районунда “Навои” атындагы жалгыз орус мектеп бар. Бул жерде райондордогу бардык айыл аймактарынан окуучулар келип окушат. Тилекке каршы 1950-жылдан бери бул билим уясында кошумча корпустар курулган эмес. Бүгүн бир класста 45-50 окуучу окуп жатат. 1 партага үчтөн окуучу отуруп окуган учурлар кездешет. Ошондуктан 2019-жылдын бюджетинин “Капиталдык салымдар” беренесине аталган мектепке кошумча корпус куруп берүү үчүн каражат бөлүп берүү маселесин карасаңыздар”, - деди Гаипулов.
Добавить комментарий ×