Депутат: "Ош базар", "Супара" криминалдык жол менен өрттөлдүбү же коопсуздукту сактабагандыктан күйдүбү тийиштүү кызматтар аныкташ керек”
Бөлүшүү:
"Ош базар", "Супара" криминалдык жол менен өрттөлдүбү же коопсуздукту сактабагандыктан күйдүбү тийиштүү кызматтар аныкташ керек”, - деди депутат Бакридин Субанбеков бүгүн, 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында. Эл өкүлү майлуу жерлерде, бизнес ордолорунда өрт кырсыктарынын токтоосуз кайталанып жатканына токтолду.
"Коомдук жайлардын күйүп кетиши көнүмүш адатка айланып бараткандай. Күйүп кетиптир дейбиз, эмне себептен күйгөнүнө эч ким жооп бербейт.
Акыркы убакта филармония, "Ош базар" 2 ирет күйдү, "Супара" күйдү, бул элдин каражаты. Бул жайлар криминалдык жол менен өрттөлдүбү же коопсуздукту сактабагандыктан күйдүбү тийиштүү кызматтар тактап, жооп берсе жакшы болмок", - деди Субанбеков.
Добавить комментарий ×