Депутат насыясы барларга 3 айдан 7 айга чейин каникул берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ушул тапта Кыргызстан боюнча 800 миң кишинин кредити бар экенин айтты
“Мына 800 миң кишинин насыясы бар экен, бүгүн бизнес токтоду. Ошол кредитке каникул алып беришибиз керек. Улуттук банк караш керек, үч айбы, беш айбы, же жети айбы, же жылдын аягына чейинби ушуну кабыл алышыңыздар керек”, — деди ал.
Депутат андан сырткары быйыл Кыргызстан тышкы карызга көпакча төлөй турганын айтып, карыз алган тараптардан дагы каникул суроону сунуштады.
“Биз биринчи элдикине каникул берген болсок, анда бизде тышкы карыздардан дагы каникул сураганга моралдык укугубуз болот. Ошону эске алуу керек”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-nasyyasy-barlarga-3-ajdan-7-ajga-chejin-kanikul-bern-sunushtady
Добавить комментарий ×