Депутат: Мамлекеттик кызмат адамдарынын этикасына кайрадан кайрылууга аргасызбыз
Жакында Ош облусуна учкан аткаминерлердин талабы боюнча аларды «жиптер» менен тосуп алышты. Башка «Волга» же «Жигули» сындуу автомашиналар жарабайт экен. Аларды кымбат ресторандарда тамактандыруу керек экен. Өкмөт мындай маселеге жакшылап көӊүл бурушу керек. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
Эл өкүлү муну менен катар эле «Министрлер менен алардын орун басарларынын мындай жосунун токтотуу зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ЗАГСтардан ижарага автомашина жалдоого аргасыз. Жанында акчасы жок болсо, карызга тамактандырышат. Алардын акысын кийим ким төлөйт? Албетте, карыз алган адам. Мамлекеттик кызмат адамдарынын этикасына кайрадан кайрылууга аргасызбыз», - деди.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-mamlekettik-kyzmat-adamdarynyn-etikasyna-kajradan-kajryluuga-argasyzbyz
Добавить комментарий ×