Депутат: "Кыргыздарды кытайдын чек арасынан кой санагандай санап өткөрөт, биз да канча кытай кыргыз кыздарга үйлөнүп жатат санайлы"
Кыргыздар Кытайга барганда чек арадан текшерип, кой санагандай бирден санап өткөрөт деди депутат Кожобек Рыспаев. Мындай оюн депутат бүгүнкү 28-ноябрда болуп жаткан парламенттик жыйында билдирди.
"Мен ИИМ менен УКМКнын пикирине кошулам. Эч нерсе болбойт деп төрт тарабыбызды ачып берип койсок, канчалаган кытайлар келип басып алып атат. Биз да санайлы. Канча кытай иштейт, канчасы кыргыз кыздарга үйлөнүп жатат".
Буга Дастан Бекешев виза тууралуу мыйзамга кытайлардын эч кандай тиешеси жок экендигин айтты.
"Биз кытайларга виза режимин киргизгенбиз, бул жерде таптакыр башка мыйзам талкууланып жатат. Биз бере турчу визасыз өлкөлөрдүн арасында кытай жок"-деди. Ал эми депутат Махабат Мавлянова кыргыздарды койдой текшерип, бирден санап өткөргөндөрүнө биз өзүбүз күнөөлүбүз. Канчалаган жасалма паспортторду мыйзамсыз чыгарып жатышат деген оюн айтты.
Эске салсак, учурда парламентте “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланып жатат.
Добавить комментарий ×