Депутат: “Кредит алып болсо дагы мектептерди курбасак, билим берүүдө чоң катастрофа болот”

4 октябрь 2018 15:57 1067 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Алмазбек Эргешов кредит алып болсо дагы мектептерди куруу керектигин айтат. Эл өкүлү күч органдарынын кызматкерлеринин айлык акылары көбөйүп, үй менен камсыздалып жатканы жакшы көрүнүш экенине токтолуп, мындай камкордукту мугалимдер менен врачтарга да көрсөтүү керектигин Өкмөткө багыттады.

  “Кредит алып болсо дагы мектептерди курбасак, билим берүүдө чоң катастрофа болот”,- деди депутат.

Ошондой эле  ал бүгүнкү күндө эмгек акынын, тиешелүү шарттардын жоктугунан башка иштерге агылып жаткан мугалимдер жана врачтардын көйгөйүн, жер-жерлердеги мектептердин жетишсиздигинен экендигин баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kredit-alyp-bolso-dagy-mektepterdi-kurbasak-bilim-berd-cho-katastrofa-bolot



Добавить комментарий