Депутат “Коопсуз шаар” боюнча өкмөт башчы Жогорку Кеңешке келип жооп берүү керектигин айтты
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар кандай маселер” каралууда. Анда депутат Абдывахап Нурбаев “Коопсуз шаар” боюнча премьер-министрди Жогорку Кеңешке келип жооп берүү керектигин айтты.
“2012-жылдан бери 7-жолу “Коопсуз шаар” боюнча тендер өтүп 7-жолу бузулуп жатат. Коопсуз шаар долбоорунун өткөнүнүн башынан баштап көрдүк. Өкмөттүн деңгээлин эмнеге татыктуу экенин көрдүк. Бир адамдын өмүрү да биз үчүн өтө кымбат болуш керек. Мамлекеттик орган өзү тендерди туура эмес өткөрүп алып, эми сотко берип жатат. Бул деген убакытты созуп, коопсуз шаарды ишке ашырбоо дегендик. Андыктан өкмөттү парламентке чакырып бул боюнча угалы. Ушундай өкмөттүн кереги барбы бизге”-дейт депутат.
Белгилей кетсек, алты жылдан бери ара жолдо башы ачылбай келген "Коопсуз шаар" долбоору боюнча чыр уланууда. Буга чейин долбоорду ишке ашыргысы келген жеке менчик компаниялар менен өкмөт соттошуп келсе, бул жолу эки мамлекеттик орган соттошоору белгилүү болду.
Добавить комментарий ×