Депутат: Казакстанда тынч оокатын кылып жүргөн кыргыз мигранттарыбыз да жабыркай баштады

10 январь 2022 11:57 4704 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кенештин депутаты Эмил Токтошев Казакстандагы кыргызстандыктардын абалы тууралуу ТИМге соцтармактан кайрылды.

Анын айтымында, Казакстанда болуп өткөн окуялардан кийин көптөгөн жарандар күнөөсү териштирилбей эле жабыр тарта тургандай болуп калды.

"Ал жакта кармалып, ур-токмокко алынган музыкант Викрам Рузахановдун кабары билингени жакшы. Бирок, Закир Убуров деген мекендешибиздин тагдыры эмне болду? Элчилик иштей башташ үчүн ар бир кыргыздын атын айтып митингге чыгыш керекпи?

Учурда ал жакта тынч оокатын кылып жүргөн кыргыз мигранттарыбыз да жабыркай баштады деп, мага канчалаган жарандарыбыз кайрылып атышат.

Тополоңго эч тиешеси болбогон, мыйзам чегинде салык төлөп, тынч соода кылган кыргыздарды аскерлер үйүнөн эле уруп-согуп суракка алып, кээ бирин коё берип, кээ бирлерин кармап турушат деп айтып жатышат.

Биз мындай башаламандыкта өз жарандарыбызды коргоп алууга тийишпиз!

Тышкы иштер министрлигине кайрылат элем:

1. Казакстанда канча жараныбыз иштейби, окуйбу, конокто же саякаттап жүрөбү, баарын билиш үчүн бүгүн сурап-билүү борбору ачылсын. Анткени, жабыркагандардын туугандары кимден сураарын билбей жүрүшөт. Негизи эле Казакстандагы биздин жарандар ар турдуу суроолору менен кайрылуу борборун ачуу керек.

2.Казакстандагы биздин элчиликке кошумча штат жана каражат бөлүнсүн.

3. Кыргызстандагы Казакстандын  элчилиги менен тыгыз иш алып барылсын.

4. Жасалган иштер коомчулукка ачыкталып, жеткирилип турсун.

5. Казакстандагы кыргыз диаспорасына жардам берип (каражат бөлүп берүү боюнча кошумча топторду түзүү боюнча), алар менен тыгыз иш алып барылсын", - деп жазды депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kazakstanda-tynch-ookatyn-kylyp-zhrgn-kyrgyz-migranttarybyz-da-zhabyrkaj-bashtady



Добавить комментарий