Канатбек Исаев жаш активисттер менен жолугушту
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев өлкөдөгү жаш активисттер менен жолугушту.Бул тууралуу "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирди.
Эл өкүлү активисттер менен мамлекеттеги азыркы саясий кырдаалды жана укуктук-демократиялык мамлекетти түптөөдөгү жаштардын ордун талкуулады. Өз кезегинде жаңы муундун өкүлдөрү кызыктуу суроолорун беришип, депутаттын жообун ала алышты. Мындан тышкары жаштар коомдогу актуалдуу болгон сунуштарын айтышты. Канатбек Исаев жаштарга бекем ден соолук, окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалап, жаңы муундун өкүлдөрүн ар дайым колдоп, иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kanatbek-isaev-zhash-aktivistter-menen-zholugushtu
Добавить комментарий ×