Депутат Жумалиевдин жакын туугандарынын көп мал-мүлкү аныкталды. Тергөө жүрүүдө

26 май 2020 16:50 2548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Башкы прокуратура тарабынан катталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ЭККМКнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда К. Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле, К. Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

Буга чейин Сыймык Жапыкеев аттуу  активист депутат учурунда өкмөттө иштеп жүргөндө эбегейсиз байлык топтогонун айтып чыккан.


Ссылка: https://barometr.kg/deputat-k-zhumalievdin-mlk-boyuncha-sotko-chejinki-ndrsh-zhrgzp-zhatat



Добавить комментарий