Депутат: "Иштеп жаткан пенсионерлер айлык алсын же пенсия алсын"
Ишке жарамдуу пенсинонерлер же айлык алсын, болбосо пенсия менен эле чектелсин. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 15-ноябрда парламентте билдирди.
Депутаттын айтымында, пенсионерлер үчүн казынадан жылына 50 млрд сом төлөнөт.
"Бюджеттен айлык алып жаткандан кийин, пенсия берүүнү иштеп жаткан пенсионерлерге токтотуу керек. 40 миң адам өтө көп"-деди депутат.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин берген маалыматына караганда, өлкөдө 648 миң пенсионер бар, алардын 40 миңи мамлекеттик кызматтарда иштешет. Ал эми премьер-министр Кыргызстанда 65 жашка чейин иштей берсе боло тургандыгын, мыйзам жол берерин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ishtep-zhatkan-pensionerler-ajlyk-alsyn-zhe-pensiya-alsyn
Добавить комментарий ×