Депутат гепатиттен каза болгондор саны өсүп жатканын билдирди
30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп, эл өкүлдөрү бир катар суроолорду беришүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, депутат Кубанычбек Нурматов акыркы айларда коронавирус илдетинен сегиз адам каза болсо, ал эми 5289 адам башка оорулардан көз жумганына токтолду. Анын ичинен рак илдетинен эки ай ичинде 700дөн көп адам көз жумганын кошумчалады.
“Андыктан башка ооруларга да каршы күрөштү күчөтүү керек”, - деди эл өкүлү.
Ал эми депутат Евгения Строкова дагы кесиптешинин сөзүн улай, гепатиттен каза болгондор саны өсүп жатканын белгилеп, гепатит B, гепатит C илдеттерине чалдыккандарды дарылоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
“Алар көмүскөдө калып дыкат көңүл бурулбай калгандыктан каза болгондордун саны өсүүдө”, – деди депутат.
Ошондой эле жеке баракчасына кайрылган дарыгерлердин сунушун өкмөткө жолдоду.
“Ош шаарына барган дарыгерлер учурда кайтып келүүгө жол кире таппай жатышыптып. Андыктан саламаттык сактоо министрлиги муну өз көзөмөлүнө алсын”,– деди Евгения Строкова.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-gepatitten-kaza-bolgondor-sany-sp-zhatkanyn-bildirdi
Добавить комментарий ×