Депутат Эльвира Сурабалдиева мэриянын беткапсыз жүргөндөргө айып салуу чечимин маразм деди

12 май 2020 09:11 2846 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өкмөт менен мэриянын беткапсыз жүргөндөргө айып салуу жана салык кызматынан справка алгыла деген талаптарын катуу сынга алып, маразм деп атады.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри көчөдө беткап тагынбай жүргөндөргө миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салына турганын эскерткен. Ал эми 11-майдан тарта өз ишин баштаган тармактарга салык кызматынан справка алуу милдеттендирилген. Андыктан Бишкектеги райондордогу салык кызматтарынын алдында элдин узун кезеги пайда болгон.


“Мэрдин өзүнө чала алган жокмун, бирок өкмөт менен президенттин аппратындагы жооптуу кишилерге чалып, мындай мазактоо ачка жана алсызданган элде нааразычылык жарата турганын айттым. Баселени комитеттин жыйынында дагы көтөрүп, бул маразмды жокко чыгарууну талап кылам”, — деп жазды ал.

Сурабалдиева андан сырткары түшүнбөй жаткан “байкелерге” өзүнчө түшүндүрүп берди.

«Биринчиден беткап тууралуу. Ооба, өзгөчө абал алынгандан кийин көптөгөн мамлекеттер жарандарды беткап кийгиле деп милдеттендирип жатат. Бирок, ошол эле маалда беткапты мамлекет коомдук жайларда жүргөндөргө бекер таратып жатат.

Экинчиден салык кызматынан справка алуу боюнча. Биздин “санариптешкен” өлкөдө мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтар базасынын бирдиктүү тутуму жок. Бир сөз менен айтканда салык кызматы даяр эмес, ал эми катардагы кызматкерлери талап кылынган справканы эмненин негизинде берерин дагы билишпейт. Анан эң башкысы күлкү келтирет — мамлекеттик органдарда иштегендердин жарымы транспорттун жоктугунан ишке бара албай отурушат. Кезек күткөн калың эл (коронавирусту алып жүрүүчүлөр дагы бар) жумушка уруксат алуу үчүн жумалап кезекте турат.

Үчүнчүдөн аралыкты сактоо беткаптан дагы маанилүү. Андыктан элге коомдук жайларда аралыкты сактоо маанилүү экенин түшүндүрүү керек”, — деп эл өкүлү нааразычылыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-elvira-surabaldieva-kmt-menen-meriyanyn-ajrym-chechimder-marazm-dep-atady



Добавить комментарий