Депутат долларды Кыргызстандан чыгарбай, аны өлкөгө тартуунун оңой жолун сунуштады

12 март 2020 10:37 699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров учурда түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстан өзүнүн экономикалык коопсуздугун ойлоп, ага аракеттерди көрүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Экономикалык коопсуздук боюнча айтып кетсем, доллардын курсу көтөрүлгөндүктөн импорттолуп келген товаплардын баасы дагы көтөрүлдү. Бул албетте муну менен токтоп калбайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча долларды сыртка чыгарбай, тескерисинче сырттан алуу аракетин көрүш керек”, — деди ал.

Долларды тартуунун бир жолу катары депутат Кыргызстанда өнүдүрүлгөн товарларды анын ичинде курулуш тармагында иштетиле турган товарларды, айыл-чарба продукцияларын жана башка товарларды мүмкүн болушунча сыртка сатууну сунуштады. Дал ушундай ыкма менен валютаны тартууга болот.

Бакиров өз сөзүндө мигранттардын которуп жаткан каражаттары дагы сомдун курсту кармап турууга өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-dollardy-kyrgyzstandan-chygarbaj-any-lkg-tartuunun-ooj-zholun-sunushtady



Добавить комментарий