Депутат Дастан Бекешев санариптештирүү иш жүзүндө болбой калганын айтып, өкмөттү сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев санариптештирүү иш жүзүндө болбой иштебей калганын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Себеби, Бишкекке коменданттык саат кирген учурда өткөрмөлөр кагаз түрүндө берилгенин белгиледи.
“Өткөрмө кагаздары кагаз түрүндө, жаңы паспорт менен жүрсөң жашаган жериңден маалым кат алышың керек, ишиңди башташ үчүн салык инспекциясынын мөөрүн басыш керек. Иш жүзүндө болбой калбадыбы”, — деди ал.
Депутаттын мындай суроосуна өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип, анын жүйөлөрүнө макул болгон жок.
“Биз күнүмдүк турмушта колдоно турчу механизмдер эмес болчу да. Ошондуктан мен коменданттык саат киргенде пропуск берип жаткан жерди барып карап, эки күндөн кийин автоматташтырылган формага алып келдик. Азыр күнүнө миңдеген адамдар шаарга кирип-чыгып жатат. Ушуларды бир мехнизмге, системага алып келүүдө кыйынчылыктар болуп жатат, аны моюнга алабыз. Бирок санариптештирүү иштебей калды деген туура эмес болуп калат”, — деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы Салык кызматынаы азыр иштөөсүнө уруксат берген тармакта иштебеген жарандар деле арыз берип коюп жаткандыктан аларды текшерип чыгууга убакыт керек болуп жатканын кошумчалады.
Добавить комментарий ×