Депутат Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом кайтарып берди
Бөлүшүү:
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.
Абжалиев 20 миллион сом мамлекетке кайтарып берди.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы депутатты мыйзамсыз байлык топтогону тууралуу фактыны ачыктаган. Бул тууралуу маалымдалганга чейин Абжалиев Бишкек - Стамбул каттамы менен чет өлкөгө учуп кетип, кайтып келген эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-aliyarbek-abzhaliev-kyrgyzstanga-kajtyp-kelgende-karmaldy
Добавить комментарий ×