Депутат Абжалиев агасынын Альфа Телекомдун логистика бөлүмүнүн башчысы болду деген маалыматты четке какты. Бирок, аталган компания тастыктады
"Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев дайындалды жана мындай маалыматты "Альфа Телеком" компаниясынын өкүлдөрү да ырасташты-деп жазды Азаттык.
Маалыматты тактоо максатында депутат Алиярбек Абжалиев менен байланышканыбызда Barometr.kg сайтына "Бул маалымат жалган"-деп жооп берди. Ал эми "Альфа Телеком" компаниясынын маалымат кызматы Ихтияр Абжалиевдин жогорудагы аталган мекемедеги логистика бөлүмүнө төрт адамды жетектеген бөлүм башчы болуп дайындалганы чындык деп билдиришти. Компания Абжалиевдин мурдагы иш тажрыйбасына карап, ишканага керектүү кадр катары конкурс менен алынгандыгын кошумчалашты.
Добавить комментарий ×