Депутат: “Акыркы күндөрү кафе ресторандардан, базарлардан көп өрт чыгып жатат”

20 сентябрь 2018 13:30 2353 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Акыркы күндөрү кафе ресторандардан, базарлардан көп өрт чыгып жатат”, - деди депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жыйынында. Эл өкүлү табышмактуу өрт кырсыктарынын көбөйүп жатышын көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду.

“Өрттөр кафе ресторандардан чыгып жатат. Ар кандай сөздөр айтылып, “буну бирөөлөр атайын өрттөдү” деген сөздөр чыгып жатат. Ошондуктан өрт коопсуздугун караган тийиштүү кызматтар, укук коргоо органдары буга көңүл бурса”, - деди Жамалдинов.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-akyrky-kndr-kafe-restorandardan-bazarlardan-kp-rt-chygyp-zhatat



Добавить комментарий