Депутат Акылбек Жамангулов мамлекеттик тойлорго кеткен каражатка мектеп курулса туура болмок дейт

25 сентябрь 2018 15:30 1477 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Депутат Акылбек Жамангулов “Парламент” радиосунда берген маегинде Мамлекеттик тойлорго тыюу салыш керектигин билдирди. 

“Быйылкы жылдын бюджетинде 105 маараке каралыптыр. Ар бир мааракени өткөрүүгө көптөгөн финансылык чыгымдар кетет. Бул мамлекеттин казынасына зыян алып келүүдө. Ошондуктан, тойлорго мораторий жарыялоо зарылдыгы бар”, - деди.    

Депутаттын пикиринде ошол тойлорго кеткен чыгымдарга андан көрө бала бакча, мектеп курулса коомго бир топ пайдалуу болмок дейт.

“Мааракелерди такыр өткөрбөй коюш керек дегенден алысмын. Бирок, ошол мааракелерди башкача тартип менен уюштуруунун жолдорун издесек болот. Айталы, китеп жазып, фильм тартып жаштарга белек кылса жакшы” деди эл өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-akylbek-zhamangulov-mamlekettik-tojlorgo-ketken-karazhatka-mektep-kurulsa-tuura-bolmok-dejt



Добавить комментарий