Дастан Шаршеев: “Чынын айтыш керек, атаандаш менден күчтүү. Бул мага өзөмдү таанытууга жана кикбоксингдин кереметтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болууда”

25 февраль 2019 10:46 1980 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 25-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кикбохсингдин К-1 түрү боюнча профессионалдар арасында “Мыктылардын мелдеши” өтөт. Анын алкагында 10 беттеш белгиленип, анда Кыргызстан, Россия, Белоруссия жана Борбор Азия мушкерлери күч сынашат.

Белгилей кетсек, Авазбек Аманбеков, Шерзод Кабутов, Адилет Бекжан уулу, Аброр Хакимов, Чынгыз Бегматов жана Шахриза Халилова аттуу мыкты мушкерлердин таймашы болот.

Эң башкысы WBKF түрү боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн кыргызстандык Дастан Шаршеев менен россиялык Алексей Додоновдун ортосундагы таймаш күндүн башкы беттеши болмокчу.

Эске сала кетели, бул спорттук мелдештер 19:00дө Спорт орбосунда болот. Аны "КТРК Спорт" жана НТС каналдары түз алып көрсөтөт.

Barometr.kg сайты Дастан Шаршеев менен байланшка чыгып бир нече суроолоргоо жооп алган. Дастан жаштайынан өз алдынча машыга баштаган. Ал эми профессионал спортко 20 жашында келген.

«Дээрлик 8 жылдан бери эл аралык мелдештерге катышып келем. Чет жактарга рингге чыкканда Кыргызстандын желеги желбиреп, гимни ойнолсун деп дайыма жеңүүгө аракет кылам», - дейт Дастан Шаршеев.

Дастан Шаршеев кикбоксинг боюнча 25 жолу профессиональных беттешке чыгып, 19 ирет жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы Алексей Додоновдо  — 50 беттештен 35 жеңиш.

Мындай титулду атаандаш буга чейин Дастанда боло электигин, деген менен андан коркпой турганынал билдирди.

«25-февралда мыкты беттеш күтүп турат. Чынын айтыш керек, атаандаш менден күчтүү. Бирок бул мен үчүн кезектеги чоң сыноо. Бул мага өзөмдү таанытууга жана кикбоксингдин кереметтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болууда. Мен Кыргызстанда төрөлүп, чоңойгом. Менин күйөрмандарым көп. Алардын ишеничине жеңиш менен жооп кайтаруу зор көрүнүш болор эле. Мындай ири мелдештерге катышуу менен мен өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө салым кошкум келет», - деп белгилейт Дастан Шаршеев.

Дастан Шаршеев 2014-жылы Кыргызстанда өткөн бирман боксу боюнча Евразия биринчилигин утуп, чемпион наамын жеңип алган. Ал эми чет жактарда кикбоксинг, тай боксу кийинчерээ аралаш мушташ боюнча көптөгөн мелдештерге катышкан.

2018-жыл Дастан үчүн ийгиликтүү жыл болуп, ал эки чемпиондук кур жеңип алган. Анын бири кикбоксинг боюнча Ташкентте Борбор Азия чемпиону титулун WAKF түрүнүн К1 бөлүгү боюнча, дагы бири М1 аралаш мушташ боюнча.

2019-жылы ММА уюмуна биротоло өтүүнү пландап жатат. «Мен бул жакта көп ийгиликтерди жарата алап деп ойлойм», - дейт Дастан Шаршеев.

Аын атаандашы Алексей Додонов 1982-жылы 26-декабрда Россиянын Псков областында туулган. 2000-жылдан тарта каратэнин киокушинкай түрүнөн машыга баштаган, кийин сэйвакай, а 2005-жылы болсо таиланддык бокс менен машыга баштаган.

Эске сала кетели, бул спорттук мелдештер 19:00дө Спорт орбосунда болот. Аны "КТРК Спорт" жана НТС каналдары түз алып көрсөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-sharsheev-chynyn-ajtysh-kerek-ataandash-menden-kcht-bul-maga-zmd-taanytuuga-zhana-kikboksingdin-keremetterin-krstg-mmknchlk-boluuda



Добавить комментарий