Дастан Бекешев: "Жарандар эски батареяларды каяка өткөрүшөт?"

26 февраль 2019 15:06 1368 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 26-февралда комитеттин жыйынында СДПК фракциясынын депутаты Дастан Бекешев айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан эски батареяларды кабыл алуучу бөлүм ачылышы керек экендигин айтты.

Өз сөзүндө депутат:

"Мен силердин орун басарларыңарга бир канча жолу эски батареяларды кабыл алуучу бөлүмдөрдү ачуусун сунуш кылдым. Жарандар эски батареяларды каяка таштайт?", -деген суроо менен айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамовго кайрылды.

Ал эми Рустамов:

"Сиздин сунуш көз жаздымында калган жок. Биз кесиптештер жана компенсациялар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. Алар жакында канча батареяларды ала алаарын алат. Алар жооп бергенден кийин бир жылдын ичинде батареяларды кабыл алуу бөлүмдөрүн ачууга даярбыз", -деп жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-bekeshev-zharandar-eski-batareyalardy-kayaka-tkrsht



Добавить комментарий